Бишкек ШИИББинин 10-Башкармалыгынын өздүк курамы аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калаада 5 күнгө созулган “Экстремист” аталышындагы атайын иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын максаты терроризм жана экстремизмдин жайылышын алдын алуу жана бөгөт коюу болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, операциянын алкагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунда каттоодо тургандар текшерүүгө алынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө диний-экстремисттик уюмунун 10 мүчөсүнүн жашаган жери текшерилген. Жыйынтыгында аудио, видео, ар кандай чакырыкка үндөгөн баракчадан турган тексттик материалдар, 25 китеп, 31 DVD диск, 9 дептер, 10 китепче, 4 жазуу дептери, 3 флешкарта, 1 уюлдук телефон, 1 ноутбук табылган. Азыркы тапта теологиялык экспертиза дайындалды. Материалдар топтолуп, УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.