Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагында жайгашкан Фольклордук талаасында 7-апрель күнү
аскердик-спорттук-маданий "Мыктыгер" аталышындагы иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Мыктыгерди" өткөрүүнүн негизги максаты - облустун аймагында ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык биримдикти чыңдоо, өспүрүмдөрдү сергек жашоого, мекенди сүйүүгө үгүттөө жана патриоттуулукка тарбиялоо.
Иш-чарада ИИМдин атайын багыттагы полкунун тактикалык машыгуусунан көрүнүштөр, Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлеринин аскердик кол уруш боюнча машыгуу ыкмалары, куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандырып, барымтадагыларды куткаруу боюнча тактикалык көрсөтмө, Жалал-Абад облусундагы Каратэ-до федерациясынын жана "Динамо-Самбо" спорт клубунун жаш спортчулары тарабынан спорттук көнүгүүлөрдүн элементтери көрсөтүлмөкчү.
Жалпысынан иш-чарага облустун аймагынан мектеп окуучуларынан куралган 11 команда катышып, команданын курамы 15 улан, 10 кыздан түзүлүп, жалпы 2000ден адам катышуусу менен уюштуруу пландалууда.