ЖЫЛНААМА, 5-АПРЕЛЬ: Мындан 61 жыл мурун тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушун сүрөттөгөн “Тоо арасында“ романы жарык көргөн

Мындан туура 61 жыл мурун “Тоо арасында“ романы жарык көргөн. Роман өткөн кылымдын 20-жылдарынын аягында – 30-жылдардын башындагы окуяларды камтып, тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушун, адамдардын образдарын, тиричилигин жана кулк-мүнөзүн, табият көрүнүштөрүн көркөм сүрөттөгөн эпикалык чыгарма.

"Тоо арасында” - Т.Сыдыкбековдун 1937-1938-жылдары жарыяланган "Кең-Суу” романынын кайра иштелген варианты. Автордун чыгармачылыгында гана эмес, жалпы эле кыргыз жазма адабиятынын тарыхындагы төл башы романдардын бири. "Кең-Суунун” коллективдештирүү окуялары көрсөтүлгөн экинчи китеби өз учурунда тапчыл идеологиянын көз карашынан катуу сынга дуушар болгон. Айтылган сын-пикирлерди эске алып, Т.Сыдыкбеков романды редакциялап, 1940-1941-жылдары кайрадан чыгарган.
Экинчи басылышында чыгармага негизинен идеялык мүнөздөгү, анчалык орчундуу эмес өзгөртүүлөр киргизилген. Эгерде "Кең-Суунун” стилинде көптөгөн чийкилик учураса, жаңы вариантта алар жоюлуп, жазуучу элдин тил байлыгын эң сонун өздөштүргөн сөз чебери катары көрүнөт. Чыгарманын сюжетинде олуттуу өзгөрүүлөр болуп, жаңы сюжеттик сызыктар, эпизоддор жана деталдар киргизилген. "Кең-Суу” романындагыдай эле жаңы вариантта окуянын өзөгүн Сапарбай, Саадат, Сапарбай – Калмыкбаев жана Сапарбай – Шарше мамилелери түзөт. Бирок бул кейипкерлердин ортосундагы карама-каршылык жана күрөш алда канча ырааттуу өнүгөт.
5-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан