Казакстанда чиновниктердин жумуш учурунда смартфон колдонуусуна тыюу салынды. Казакстандык ММКлардын маалыматына караганда, мындай чара 4-апрелде күчүнө кирди.
Кечээ Астана шаарындагы Министрлик үйүндө күзөт кызматкерлери чиновниктердин смартфону бар же жогун текшерүүгө алганда "жандуу тыгын" жаралган. Мындай тыюу салууга кызматтагы жашыруун маалыматтар WhatsApp же башка кызматтар аркылуу коомго тарап кетүүсү себеп болгон. Бирок чиновниктердин интернетке кире албаган жөнөкөй телефондорду колдонуусуна уруксат берилген.