Өкмөт: "Кыргыз Республикасынын жалпы карызы 288,8 миллиард сом"

2015-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 288,8 миллиард сомду (3,8 миллиард АКШ доллары) түздү. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик карыздын ичинен:

- мамлекеттик тышкы карыз 273 320,2 миллион сом, жалпы карыздын 95 пайызын түзөт;

- мамлекеттик ички карыз 15 483,7 миллион сом, жалпы карыздын 5 пайызын түзөт.

"2015-жылга жалпы мамлекеттик карызды төлөө үчүн 14 364,4 миллион сом каралып, тышкы мамлекеттик карызды төлөөгө 7 483,7 миллион сом, ал эми мамлекеттик ички карызды төлөөгө 6 880,7 миллион сом жумшалды.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик карыздарды төлөөгө каражатты өз убагында жана толук бойдон бөлүп берди",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
murat_12
2016-04-05 17:13:02
оа мактанарлык экен
+5
bond
2016-04-05 17:42:14
Балдар биздин келечек деп келечек муунга калтырган мурасынарбы тоок мээлер.
+5
islamidin
2016-04-05 17:52:07
Акаевдин и Бакиевдин кезинде канча эле көбөйүп жатабы же азайып жатабы кенениреек берсенер жакшы болмок .
+3
tursunbaev2016
2016-04-05 18:32:07
islamidin,Кобойуп жатат
-2
Timon
2016-04-05 18:36:49
Кыргызстандын ар бир жараны 50 миңден карыз экенбиз))))
+3
daniyar84
2016-04-05 19:05:11
Бакиевтин убагында 1,5 милард болчу, Бакиев болуп турганда кары з калмак эмес бул убака чейин, Максим чиновниктерди кысып кыргызстандын карызын толоп турган, мектептерде бекер тамак берилип биз жакшы бийликтин баркын билбедик.
+4
paula.90
2016-04-05 20:43:44
Иииий озум ушунча карыз болуп кеткендей журогум сыгылып атат...((((
0
azamat.95
2016-04-05 22:28:29
Неберелерибиз толойт...
0
naka11
2016-04-05 23:48:44
Депутатарды толотуш керек да негизи
0
esimdesin
2016-04-06 11:09:14
кантип төлөйбүз?
0
bom.bon
2016-04-07 14:21:08
Кыргызстандын карызы эмес ,чондордун карызы ,керек болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан