Бишкекте жол чырак иштебеген кесилиште жол кыймылын 1,5 саат жөнгө салган жигитти патрулдук милиция жумушка чакырат

Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калып, жол кыймылын 1,5 саат жөнөкөй жарандар жөнгө салышкан. Учурда патрулдук милиция ала таякты колго алып жол ортосунда патрулдук милициянын ишин аткарган жаранды издеп жатат. Ага ИИМ ыраазычылык билдирип, патрулдук милицияга жумушка чакырмакчы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда анын өздүгүн аныктай албай жатабыз. Негизи, анын документтери туура болсо, аскердик кызматты өтөгөн болсо, патрулдук милицияга сынакка катышууну сунуштайбыз. Албетте, өз каалоосу болсо сынакка кирип, жумуш ордуна ээ болуп калышы мүмкүн",- деди Жол-патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.

Кошумчалай кетсек, жол чырактын иштебей калганын көргөн патрулдук милициянын унаасы токтобой өтүп кеткени видеого тартылып калган. Унаанын ичиндегилердин өздүгү аныкталып, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жумуштарынан айдалышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
radyakiz
2016-04-05 20:45:12
Оздугун тактап алып тырыштырбаса болду сенин айынан бизди жумуштан алды деп всякое может быть дегендей
+12
zhykyo
2016-04-05 22:17:34
Мени деле жумушка алса жакшы болмок эл учун иштейт элем да
+3
bakyt_7
2016-04-05 22:24:55
Курсактары чоон болгон ГАИ байкелердин ордуна жаштарды жумушка алышса
+3
Jadyrashka
2016-04-05 23:16:44
Мыкты жигиттердин бар экенине рахмат.
+2
Beksultan-007
2016-04-06 00:01:55
Уят уят ИИМ. Канчалаган кызматкерлер айлык алып иштеп жатышат. На совесть иштегилечи.
0
Beksultan-007
2016-04-06 00:12:14
Бир жарым саат эмес 15мунот ичинде окуя жонго салыныш керек болчу кызматкерлер тарабынан. Азаматсынар балдар. Уч кызматкерге кошун башчылыгын да жумуштан алыш керек. 90% милиционерлер жанын кыйнагысы келбей оной тамака уйронуп алган. Эл бекеринен жек корбойт.
+2
Kroxa
2016-04-06 00:33:28
Ушундай азаматтар кобойсун! Таппай жатканынар жаман болуптур ким тааныйт сыйлык беребиз деп жарыя кылгыла интерннетте эле отургандыр,,
+2
mahabat08.07
2016-04-06 01:04:49
Uwintip aldap kynöölörun juup elge jagyngandysygo
-2
ad1027
2016-04-06 01:36:29
Эн жакшы! Сыйлык берип, ыраазычылык билдириш керек. Бирок, жумушка чакыргандыгы туура эмес. Анткени ал милициянын билимин алган эмес да. Ушинтип жумушка ар кайсы билимсиздерди,тааныш-билиш,туугандарды чакыра берип, мына кылган иши качып кетти.
-5
Izdeim_seni.
2016-04-06 11:02:08
ad1027,милицияда иштегендердин кобунун билим денгээли иштеген кызматына дал келбейт.такшта иштей берсин
-2
Maks_sharshenaliev15
2016-04-06 04:04:20
Оо кошунам катуу иштеп жатат ийгилик каалайм Тилек байке.
-1
sagynbek.apyshev
2016-04-06 08:08:45
Maks_sharshenaliev15,оздугун тактай албай атат десе кошунам дединго. ИИМ аты Тилек тиги макс шаршеналиевдин кошунасы болот
-1
zhumagul89
2016-04-06 07:09:24
Аста секин уйротушот да сразу эле коюп койбой болуш керек.
-1
deva
2016-04-06 09:50:30
Азаматтар! негизи азыркы өсүп келе жаткан жаштардын, муундун ой жүгүртүүсү башкача. Өткөндө атасы арак алып кел деп 18 жаштагы баласынын дүкөнгө жөнөттү эле, "кечирип коюңуз мен бара албайм, арак сатып алгандан уялам. Нан алып кел деп 100 жолу жумшасаңыз да барам" деп барбай койду. Менимче туура эле кылды. Ошондуктан улуулар үлгү болсок
-1
Izdeim_seni.
2016-04-06 10:12:21
Азамааааааааааат.
-1
Uluk_Kalyev
2016-04-06 11:30:13
МАИчилерге озу акча болсо эле болду эл учун мамлекет учун иштеш жок аларда
-1
Aidowi
2016-04-06 13:22:51
ad1027,Билими бар кызматкер качып кеттиго.)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан