Бүгүн, 6-апрелде (саат 08:30га карата) Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 1-апрелдеги көрсөткүчкө салыштырмалуу көтөрүлдү. Айрым акча алмаштыруучу жайлардын ээлери 1 долларды 69 сомдон сатып алып, 69 сом 90 тыйындан сатышууда. 1-апрелде 1 доллар 68 сом 20 тыйындан сатылып алынып, кайра 69 сом 60 тыйындын тегерегинде сатылып жаткан.
Доллардын куну март айынын башында да кескин көтөрүлгөн. Алсак, 1 доллар 71 сом 60 тыйындан алынып, 72 сом 30 тыйындан сатылып жаткан.