Кыргыз эли байыртан сөзгө маани берип, кошуна-колоңдун, тууган-уруктун арасында кадыр тутуп, элдин кебине калуудан сактанып көп нерселерге чектөө коюшкан. Анын турмуштагы пайдасы жана зыяны тууралуу SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эл эмне дейт?" деп эмне кылдыңыз эле?" деген темада талкууланууда.
Темада автор: "Элдин сөзүнө калуудан коркуп, керек болсо жеке жашоосун ошого жараша пландагандар бар. "Эл эмне дейт?" деп чочулап кандай кадамга бардыңыз эле?"- деп суроо салган.
Буга колдонуучулар мындайча жооп жазышкан:
"Бул сөз да кандайдыр бир таасирин тийгизет. Мисалы, эжем Орусияга келип, жумуш оор болуп кыйналганда да ошо "эл эмне дейт, кетип кайра келди, мурдунун суусун агызып" дебесин деп көп кыйынчылыкты жеңип, азыр баары жакшы, Кудайга шүгүр".
"Элдин оозунда элек жок" дейт эмеспи, маани бербейм, себеби алар - эл. Жакшы жашасаң да, жаман жашасаң да сүйлөй беришет".
"Эл эмне дейт?" деген сөз көп адамды намыстантып, ийгиликтерине жол ачкан. Көп адамды уят, жаман иштерге баруудан баш тарттырган, канчалаган таланттарды жашырууга түрткү болгон, канчалаган адамдарды өзүнө жакпаган үй-бүлөдө жашоого мажбур кылган...".
"Эл эмне дейт?" деп атамдан көп угам. Бул кеп уяты бар, намыскөй адамдан чыгат. Мен бул сөз үчүн жогорку окуу жайга тапшыргам, жумуш таптым, бир туугандарым менен катышым бар".
"Эл эмне дейт?" деп жашоомдо бир келген бактымдан баш тарттым. Мындай адамга жолугамбы, жокпу, билбейм эми. Жүрөгүм абдан эзилип бүттү акыркы күндөрү...".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.