Аял киши турмуш куруп, балалуу болгондон кийин көпчүлүк учурда буга чейин жакын жүргөн курбуларынан алыстап, жолдошунун чөйрөсү менен мамиле курууга, алар менен катышууга туура келет. Мына ушул тема SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмушка чыкканда курбуларым менен катышым да азайды" деген темада талкууланууда:
"Эркиндикти жакшы көргөн адамдарга үй-бүлөлүү болгондо анча-мынча жактарга бара албай, курбуларга кошулуп кенен сүйлөшүп отура албай жаман болот экен. Мен жолдошум жөнөтпөйт деп деле айтпайм. Жолдошум каршы эмес, курбуларымды билет жана аларга ишенет. Ошентсе да мурункудай кенен сүйлөшүп отура албай калдым. Анан да шартка байланыштуу жумуштан кийин отурууга туура келет. Андай учурда жолдошум да жумушунан чыкпай мени күтүп отурат. Ошого кыжалат боломбу, айтор, кенен отура албайм".
"Ар бир нерсенин өз доору, өз убагы, өзүнүн барктуулугу болот. Ошол сыңары турмушка чыккан соң келиндик доорду сүргөн эле оң".
"Бул көйгөй бардык эле турмушка чыккан кыздардын көйгөйү. Мен да мурункудай ээн-эркин жүрө албайм. Бир жакка барсам жумушунда отуруп алып "Качан үйгө барасың?" деп телефон чала берет. Кээде бир жакка барып келейин десем "апам менен кошулуп бар" дейт. Айла жок, кайнене-келин ээрчишип барабыз. Аргасыз баарына чыдайм. Башка аргам жок".
"Турмушка чыккан соң көп нерседен баш тартууга туура келет жана үй-бүлөнү биринчи орунга коюу керек".
"Балалуу болгондо такыр эле көрүшпөй каласың, балдарыңдан кол бошобой калат".
"Турмушка чыккандан бери жакын досум менен телефон аркылуу эле сүйлөшүп турам. Мурдагы курбулар өздөрү эле жок болуп кетишти. Чектөө жок болсо деле жолугуунун эч кызыгы жок".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.