Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата "Карылар
иш-аракетке чакырат" аттуу акция болуп өттү. Быйылкы Ден соолук күнүнүн темасы "Кант диабети" болгон. Анын алкагында уюштуруучулар тарабынан атайын көнүгүүлөр жасалып, белгилүү хит чыгармалардын коштоосунда бий флешмобу уюштурулду. Иш-чаранын максаты - коомчулуктун көңүлүн кант диабети менен ооруган улгайган жарандарга буруу, физикалык көнүгүүлөр кант диабетин жөнгө салууда жана дарылоодо маанилүү экенин көрсөтүү.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Нурдин Сатаров буларга токтолду: "Мындай иш-чараны уюштуруу менен улгайган куракта деле адам спорт менен машыгууга, чың ден соолукта, энергиялуу болууга жана ар бир күндү кубануу менен өткөрүүгө болорун көрсөттүк. Бий адамдын ден соолугуна пайдалуу. Бий кант диабети, жогорку кан басым, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат".
Ошондой эле иш-чаранын алкагында келген катышуучулар кандын курамындагы кантты аныктоого анализ тапшырышып, кан басымын өлчөтүп жатышты. Соңунда баары "Кара жорго" улуттук бийин бийлешти.