Индонезиянын аймагына кыргыз жарандарын киргизүү Soekarno-Hatta Эл аралык аэропорту аркылуу ишке ашырылат.
2016-жылдын 10-мартында Индонезияда кыргыз жарандарынын аталган өлкөгө визасыз кирүүсү боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кыргыз жарандары Индонезияда жалпы жарандык паспорт менен 30 күндүк мөөнөткө визасыз жүрө алышат. Мыйзам атайын жумуш менен бара жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө тиешелүү эмес. Ошондой эле аны башка түрдүү визаларга алмаштыруу жана конверсиялоо мүмкүн эмес.
Индонезиянын аймагына кыргыз жарандарын киргизүү Soekarno-Hatta Эл аралык аэропорту аркылуу ишке ашырылат.