Министрлик 11-класстын окуучуларына мамлекеттик экзаменди тест түрүндө тапшыруу мүмкүнчүлүгүн түзөт

27-апрелде республиканын облустук борборлорунда (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Каракол, Талас) жана Токмок шаарында 11-класстын окуучулары өзүлөрү окуган тилде (кыргыз, орус, өзбек) мамлекеттик экзаменди стандарттык тест түрүндө сынап көрүшөт. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда бүтүрүүчүлөр эки бөлүктөн турган тест топтомун аткарышат. Алгач алгебра жана анализдин башталышы, эне тили жана адабияты, тарыхтан тест тапшырышат. 40 мүнөттүк тыныгуудан кийин мамлекеттик тилден (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – кыргыз тили), расмий тилден (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – орус тили) жана окуучу тандаган бир сабагынан тест иштери аткарылат.

Тест жүргүзүүнүн жыйынтыктары беш баллдык тутум боюнча бааланат. Ал тутумдун эсеби ар бир сабак боюнча алынган баллдардын суммасы аркылуу белгиленет. Ошондой эле тест жүргүзүүнүн жыйынтык баасы бүтүрүүчүнүн арызына ылайык мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан каралып чыгат жана мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыгы катары орто билими тууралуу аттестатка коюлат. Тест ишинин жыйынтыгына ылайык, педагогикалык кеңештин чечими менен бүтүрүүчү жеке арызында белгиленген сабактар боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны тапшыруудан (толук же
жарым-жартылай) бошотулат.

Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону стандарттык тест түрүндө сынап көрүүнүн максаты – жалпы орто билим берүү курсу боюнча бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоонун жаңы моделин мындан ары киргизүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан