II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү иштеринин алкагында бир катар мектептерде "Көчмөн элдердин маданий мурастары" деген аталышта көргөзмөлөр коюлуп, музей бөлмөлөрү ачылууда. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга катар "Көчмөн элдердин тарыхы", "Этникалык оюндардын тарыхы жана эрежелер", "Жабдык, шайман, кийим түрлөрү", "Көчмөндөр турмушу жана маданияты" темалары боюнча экспозициялар орун алат.