Ош шаарында бүгүн, 6-апрелде Шаардык билим берүү башкармалыгынын коллегиясы болду. Анда калаадагы мектептердин окуу-тарбия иштери боюнча негизги делген маселелер, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү”, социалдык педагогдордун аткарган иштери жана "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышы боюнча комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар айтылды.
Буга улай Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган “Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” аттуу дил баян сынагына катышып, Ош шаары боюнча жеңүүчү аталып Малайзияга жолдомо уткан Мээрим Рахмановага жана “Сен сүйгөн кыргыз макалы” аттуу республикалык эссе жазуу сынагынан алдынкы орунду багындырган Мухлиса Игамбердиевага башкармалык диплом жана китептерди тапшырды.
Ошондой эле мектептердеги өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуучулуктун алдын алууда профилактика иштерин такай көзөмөлгө алуу жана жалпы эле мектептердеги тарбиялык иш-чараларынын аткарылышын, окууга тартылбай калган окуучулар менен иштөөнү, “Ата-энелер менен бирге окуйбуз” долбоорун бардык мектептерге жайылтуу баса белгиленди.