Коомдо Европаны тууроо менен динге ашыкча берилүү кошо жарышып келе жатат. Мунун айынан ар кандай секталар да өздөрүнө пайда издеп, адамдардын түшүнүгүн ар жакка бурмалоодо. Бул нерсенин экөө тең кыргыз маданиятын, каада-салтын жоготууга коркунуч туудурат. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта" деген тема талкууга алынды.
"Исламда фанатизм жок! Ислам динин тутунган инсан (мусулман) кечил эмес. Айтайын дегеним, намазын окуп эле өзү менен өзү жүрүү - бул ислам менен жашоо эмес. Бул исламдын кээ бир факторлорун жашоодон чийип салуу болот, бул туура эмес. Ислам - бүт жашоодо колдонуучу дин".
"Намазды тынч окуп, өзүнө тиешелүү билимди алып жашоо керек. Элге диний кийим-кечек, жүз-башты, кандай абалда болуу жөнүндөгү үгүттөрдү жарнамалоонун кереги жок! Биз - кыргызбыз!"
"Дин - азыркы заманда көпчүлүк ойлогондой ишеним эмес, эң күчтүү, эң кубаттуу идеология. Ал идеологияны ишке ашыруу үчүн ислам төбөлдөрү эч кандай финансылык ресурстарды, адам өмүрлөрүн аябайт. Бул буга чейин болгон, азыр да болуп жатат жана мындан ары да боло берет. Муну дүйнөлүк саясат деп коёт. Алар эч кандай партия-мартия түзүп убара болбой эле, дин аркылуу башыңарды айлантып, "тирүү бутага" айлантып коюшат. Өзүңөр да байкабай каласыңар. Андан көрө мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүгө пайдасы тие турган илим-билимге ээ болгула, амалдарды жасагыла!"
"Ошол силер айткан эски китептер, сасыган дамбалдар, чубалжыган хиджабдар - диндин, шарияттын өкүмү, аны силерге окшогондор танып, кабыл ала албайт. "Биз - кыргызбыз, биз кыргызча жашайбыз, ата-бабабыз элечекчен өткөн, биз да ошентип өтөбүз" деп жатышат, бирок бул да курулай өздөрүн алдоо".
"Терроризм ошол фанаттардын айынан келип чыгууда, тынч жаткан калкты басып алып, же болбосо жардырып, өз жанын кыйып, башкаларга да залакасын тийгизүүдө. Болбосо терроризм дегендин т-сын түшүнбөйт элек буга чейин. Кереги жок бизге башка өлкөнүн саясатынын!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.