Ош шаарында ишканалардын жетекчилери, күч органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда массалык чуркоо өтөт

Ош шаарында 9-апрелде Тарых жана маданият жылына арналган массалык чуркоо өтөт. Иш-чарага шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, 45-60 жаштан жогорку курактагы эркектер жана аялдар, күч органдарынын кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, окуучулар катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 8:30да шаардын борбордук аянтында башталмакчы. Жазгы жалпы жеңил атлетикалык чуркоонун катышуучулары 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкка чуркашат. Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер ыйгарылмакчы.

Иш-чаранын негизги максаты - спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө, ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2016-04-07 12:22:28
аа тузуук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан