СУПЕРСТАН: "Жолдошумдун кенедей кемчилиги тоодой көрүнүп, ар шылтоону айтып ажырашкым келчү"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүктүүңүздөн уяласызбы?" деген тема талкууланууда.

Темада автор мындай суроо салган: "Мисалы, сүйгөн кызыңыз же жигитиңиз өтө толук, бою кыска, мүмкүн, акча таппайт же жарды үй-бүлөдөн, балким, ооруйт, кулагы укпайт же көрбөйт, аксайт же кейпи суук. Сиз аны баары бир жактырасыз, бирок ата-энеңизге, досторго тааныштыргандан, үйлөнүп же жөн эле бирге баскандан уяласызбы?"

Буга айтылган пикирлерден:

"Сүйгөн адамың сага асмандагы ай болуп көрүнүп жатса, анан неге уялмак элең?"

"Менде болгон. Биз анда жолдошум менен кыз-жигит элек. Ал арык, мен болсо толук кыз элем. Баш кошордо элдер "бул арык, аялы семиз неме экен" деп айтышабы деп тайсалдагам. Турмуш кургандан кийин он беш күндө алмашып калганбыз".

"Турмуш курганга чейин кемчиликтери бир аз байкалчу. Кийин көзүмдү май бастыбы же сүйүүнүн тору жаптыбы, көрүнбөй калды".

"Жолдошум менен сүйлөшпөй, сүйүшпөй эле баш кошконмун. Кенедей кемчилиги дагы тоодой көрүнө берчү, ар шылтоону айтып ажырашып кетким келген күндөр далай болгон. "Ошол үйдөн өлүгүң чыксын" деген ата-энемдин сөзүнүн, жолдошумдун жакшы мамилесинин күчү менен жашап калгам".

"Сүйүүнүн көзү көр" дейт. Эч нерсесине карабай каласың. Баары эле сенин сүйүктүүңдү карап жаткансып, кызганып. А сиз айткан абал жөн гана "брак по расчёту" го деп ойлойм".

"Ооз оттой берет, башка түшкөндө өзгөрө түшүшөт. Уялмак турсун жийиркенишет. Азыркы заманда сүйүүнүн баркы жок".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан