Баткенде 7-Апрель Элдик революциясында курман болгондор эскерилип, куран окулду

Бүгүн, 7-апрелде Баткен облустук музыкалык драма театрында 7-Апрель Элдик революциясында курман болгондор эскерилип, куран окутулуп, митинг-реквием өткөрүлдү. Ага облус башчы Жеңиш Разаков, Баткен районунун акими Кеңеш Салихов, Баткен шаарынын мэри Гапар Матказиев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус башчынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жеңиш Разаков Апрель окуясынын 6 жылдыгы жана Апрель окуясында курман болгондор тууралуу сөз сүйлөп, бийликтин күчү элдин ишениминде экендигин белгилеп, 6 жыл аз убакыт болгону менен, өлкө аймагында, анын ичинде Баткен облусунда көп өзгөрүүлөр болгонун айтып өттү.

Ошондой эле Апрель окуясында шейит кеткендерге багышталып куран окулду.

7-Апрель Элдик революциясында курман болгондорду эскерүү митинг-реквиемдин жүрүшүндө китеп көргөзмөсү, улуттук боштондук кыймылы - Үркүндүн 100 жылдыгына жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Баткен облусунан Апрель окуясына 20га жакын жаран катышып, алардын ичинен 6 адам курман болуп, 3 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umar080814
2016-04-07 15:33:37
Арак жооооооок .
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан