Бишкекте Кыргыз Республикасынын судьялары, прокурорлору жана адвокаттары "Эл аралык бала асырап алуу маселелери" деген аталыштагы тренингге катышууда. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын тренерлери: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борборунун лектору Мадина Давлетбаева жана эл аралык эксперт, адам укуктары, балдарды коргоо жана социалдык саясат боюнча парламенттик жумушчу топтун мүчөсү, Адвокаттар ассоциациясынын мүчөсү (Болгария) Мариета Димитрова.