Бишкекте бүгүн, 7-апрелде эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев кан тапшыруу акциясына катышты. Маалыматка таянсак, кан тапшыруу акциясын “HelptheChildren - SKD” коомдук кайрымдуулук фонду уюштурууда. Фонддун билдиришинче, акциядан жыйналган каражат онкология, гемотология жана иммунология оорулары менен жабыркаган балдар жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам катары берилмекчи.