Каракол шаарында 2010-жылы окко учкандар эскерилип, аларга багышталып куран окулду

Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында Элдик революция күнү белгиленип жатат. Караколдо да Апрель окуясынын 6 жылдыгын эскерүү максатында митинг-реквием уюштурулду.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ага облус башчы Асхат Акибаев, шаар мэри Рыскул Калыгулов, облустагы мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты. Чогулгандар Апрель окуяларында курман болгондорду эскеришти жана аларга багышталып куран окулду.

Маалым болгондой, 2010-жылкы кандуу окуяда Ысык-Көл облусунун 11 тургуну окко учуп, 40 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан