СУПЕРСТАН: "Аялын сыйлаган, үйүнө шашкан, ага жардамдашкан мырзаларды эмнеге "подкаблучник" деп ардантышат?"

Жашоодо аялзатын сыйлоо керек, аял - эне, аял - гүл деп ооз көптүрө сүйлөгөнүбүз менен, жалпы аялзаты эмес, үй-бүлөдө өзүнүн жубайына келгенде эркектер башкача кеп чыгара башташат. Ал эле эмес, дос, жоро-жолдоштордун арасында бири-биринин намысына тийип ар кандай аттарды да коюп алышканы көп кездешет. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялын сыйлагандарды "подкаблучник" дешет" деген тема талкууланууда.

Темада автор: "Күйөөмдүн бир досу аялын аябай сыйлайт. Бир жолу аялы ооруп калса, ал кир жууп, тамак жасаптыр. Аны көрүп калган достору ошондон баштап аны "подкаблучник" атка кондурушту. Аялын сыйлаган, үйүнө шашкан, ага жардамдашкан мырзаларды эмнеге "подкаблучник" деп ардантышат?"- деп суроо салган.

Түрдүү пикирлер төмөндө:

"Подкаблучникти" аял кишинин көзү менен карап билүү кыйын. Аны эркек кишилердин көзү менен караш керек".

"Аял кишини сыйлаган, урматтаган эркек эч качан "подкаблучник" болбойт. Тескерисинче, чыныгы эркек ошол. Бирок ашыкча көзүн карап, аялы айткан сөздөн чыкпай жүргөн эркектерди "аялын сыйлайт" деп түшүнгөн туура эмес. Мына ошол эркек "подкаблучник".

"Ушундай кептердин айынан урушуп, ажырашканга чейин барышкан канчалаган үй-бүлөлөр бар".

"Кыргыздарда ушундай көп кездешет, өздөрүнчө эле намыскөй эркектер бар. Мындайды чыныгы үй-бүлө десе болот".

"Көп ичип, ар нерсенин башын сүйлөгөн досторунун жанында отургандан көрө аялынын мээримине чөмүлгөн жакшы эмеспи".

"Досум аялына ар нерсе деп айтып, мамилеси менен аябай эле жаман кылчу. Анан аяшым төрөгөндө жанында болуптур, ошондон кийин мамилеси 100 пайызга өзгөрдү. "Аялымдын кыйналганын көрүп кылган мамилеме өкүндүм" дейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Magusi
2016-04-07 18:27:54
Азыр бут эле эркектер подкаблучник болуп калдыгоо.
-9
adisum
2016-04-07 19:59:53
Magusi,Бут баары десен туура эмес. Арасында андай эместер да бар. Жалпылап айта салбаш керек. Себеби арасында андай болбогондор болуп калса акысын жеген болуп каласын.
-2
elmira_kurmanalieva
2016-04-07 19:08:44
Эми андай сөздү ким айтат ??? Кээ бир эркектер кызганып башкалардын жашоосуна.күйөөлөрүнүн чычалатып айтып коёт. Анткени өзү сыйлай албайт намыс деп жүргөндөр
+1
adisum
2016-04-07 20:00:29
elmira_kurmanalieva,туура деп ойлойм сенин айткандарын...
-2
abdrakhmanovich
2016-04-07 19:09:00
Magusi жаңылышашсыз!Кыздардын баары ххх болуп калды дегенге кошуласызбы?Албетте жок "андай эмес" дейсиз! Эркектерда мындай эмес! Бирок анча мынча бар!
0
zoichka
2016-04-07 20:08:08
Аялды жакшылар барктайт.жамандар кордойт...
+5
Bazana
2016-04-07 20:25:19
zoichka,тупатуура 100%кошулам
0
Bazana
2016-04-07 20:27:21
Бизде мусулмандарда эркектер ойдо турат деген тушунук барда кыргыздар подкаблучник болбой калдыго
0
aiza_84
2016-04-07 20:42:30
Тушунугу жок эркектер ошентип айтышат,аялын сыйлай билген эркек апасын эже карындашын да ошондой сыйлашат,тушунугу жоктор айта беришет подкаблучник деп
+6
nursultan67
2016-04-07 20:45:11
Мен кошулам падкабулучник дегенге сыйлай турган жерде свыйлаш керек аялын жумушка чыгарып уйдо падкаблучник болуп отургандарды коруп журобузго бир элементарный нерсе сурасан аялыман сурайын дейт
+1
Deniza88
2016-04-07 20:46:26
Бизде каныбызга синип калган да, мисалы бир эркек аялын козун карап койсо достору сразу баштайт , ээ подкаблучник болуп кетипсин го деп))))))))) бирок акыркы кундору бираз тушунуп келе жатышат , аялдарды сыйлаганды уйронуп .
0
radyakiz
2016-04-07 21:05:45
Бир жагынан ото аша чаап кеткендер бар,андайлар кыжырды келтирет,жон эле орду мн сыйлап анча мынча нерсени чогу чечишип койсо жакшы деп ойлойм. Себеби кошо уй оокатын кылышып жургон эркек киришчеек болуп кетет экен.эмнеге бул жер чан басты анан неге коп тамак кылдын деген сыяктуу
+8
kobra86
2016-04-07 21:09:19
Анча мынча аралашып кетиптир аялына уй булоосуно шашкан ананда аялы ооруп калса тамак аш жасап кир жууган эркек чыныгы мырза анан иштебей уйдо бала карап аялы иштесе уже жанагынтип айтса болот менин жолдошум жумуштан шашып келет балдарына бизге балдар менен сыртта сейилдеп келгенче мен тамак жасап уй жыйнайм.
0
nazigim88
2016-04-07 22:27:51
жубайлар бири бирине сыйы жок болсо ошондой коз карашта бодот анткени экоо бирин бири сыйлай алышпайт да а башка жубайлардын арасындагы сый мамилени коруп аялынан коркот деген созду чыгарат анткени аларга ошондой сезилет. себеби алардын ортосунда сый болгон эмесда
0
jorobek.kg
2016-04-08 00:19:53
Аял заты куш сыякту назик катуу кармасан өлүп калчуудай
Жаай кармасан учуп кетчүдөй
0
Beki94
2016-04-08 04:30:31
Бул деген уважение жашоодо аял менен эркекти байлап турган бири бирине суйуусун артырып...
А ошо подкаблучник деп суйлогондор алар оздору подкаблучниктер .....
+1
kobra86
2016-04-08 09:18:15
Beki94,туу айтасын менин кайнагам уйубузго келгенде тим эле тоону томкорчудай суйлочу байкап карасам ошо кайнагам куч куйоо болуп жашайт экен аялынын сызган сызыгынан чыкпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан