Бүгүн 7-апрелде 7-Апрель окуясына карата Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" фольклордук талаасында "Мыктыгер" аскердик спорттук иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 2 миңге жакын адам катышты. "Мыктыгерде" ИИМдин атайын багыттагы полкунун жоокерлери тактикалык машыгууларды өткөрүп, куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандырып, барымтадагыларды куткаруу боюнча тактикалык көрсөтмөлөрдү көрсөтүп беришти.
Ошондой эле Каратэ-до федерациясынын жана "Динамо-Самбо" спорт клубунун жаш спортчулары тарабынан спорттук көнүгүүлөрдүн элементтери көрсөтүлдү. Ал эми "Мыктыгер" спорттук тарбиялык иш-чараларына катышкан окуучулар 5 чакырым аралыкты басып өтүштү. Ал аралыкта ар кандай чукул тоскоолдуктардан өтүштү. Сынакка катышкан окуучулар бул аскердик спорттук иш-чара элди сүйүүгө, мекенди коргоого болгон сезимдерин жогорулатканын белгилешти",- деп айтылат маалыматта.