SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүп, балалуу болгондон кийин романтика жоголуп кетеби?" деген тема талкууланууда.
Темада автор: "Кызыбыз төрөлгөндөн кийин үй-бүлөдө романтика такыр жоголду. Мен жакшы эле аракет кылам, күндө түрлөп сүйгөн тамагын жасайм, жакшы сөздөрдү айтам. Жолдошум болсо чарчап келдим деп эле телевизор көрөт да уктап калат. Бул жаатта силерде кандай?"- деп суроо салган.
Буга колдонуучулардын жооптору:
"Тескерисинче, үйлөнгөндөн кийин сүйүү башталат. Биздин баш кошконубузга 9 жыл болду, бири-бирибизди аябай сүйүп жашайбыз. Эң биринчи аял киши күйөөсүн сыйлаш керек, эркелетиш керек, ал киши кандай болбосун, арак ичеби, акча таппайбы, эркекти сыйлаш керек. Алар кичинекей баладай, эркелетсең эркелеп калышат, жакшы мамиле кыла баштайт".
"Романтиканы аял өзү ойлоп табыш керек, чарчап келсе да көөнүнө жаккан бир нерсени ойлоп таап. Мисалы, курсак бийин бийлеп".
"Романтиканы тапканга күйөөсү да кошумча болуш керек. Мисалы, "идишиңди бат жууй кой, мен баланы уктата коёюн" деп жардам берип. Анан "Жумушуңду бүтүрбөйсүңбү, баланы уктатпайсыңбы, мен эс аламбы?" деп корсулдап турса кайдагы романтика?"
"Балалуу болгон соң бири-бириңдин сезимиңер балага оой түшөт. Ошондо ортодо романтика басаңдаса керек".
"Менин жолдошум бир калыптагы адам, же жакшы көргөнүн, же жаман көргөнүн билбейсиң. Өзүм эркелетип жакшы сүйлөп көп аракет кылам, бирок андайда кайра мага "Бүгүн эмне болуп калгансың?" дейт. Мен мындан да көп көңүл буруусун, эркелеткенин күтөм. Акыркы күндөрү башкача ыкмага өттүм, мен да көңүл бурбай, ашыкча сүйлөбөй. Жумушта кармалып жатса да чалбай койдум. Анан өзү "Эмне болду, сурабайсың, зымың тийип калдыбы?" деди. Менин да ордум бар экенине сүйүнүп калдым".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.