Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун №17-орто мектебинин жогорку классынын окуучулары жашылдандыруу иштерин башташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара министрликтин мектептин аймагын жашылдандыруу программасынын алкагында окуучуларга бак-дарак көчөттөрү берилген. Жогорку класстын окуучулары көчөт отургузуу ишин жыйынтыктап жатып мындан кийинки камкордукту кичи класстарга тапшырышты. Мектеп жамааты белгилеп кеткендей, 50 көчөт жакын арада гүл бакчага айланат жана келечекте жемишин берет.
Эске сала кетсек, “Чырпык чынар болот, өлкөбүз гүлзар болот” аталышындагы программа өкмөт тарабынан республиканы жашылдандыруу максатында мектептер арасында уюштурула баштаган.