СУПЕРСТАН: "Виртуалдуу дүйнө - эркин майдан"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Реалдуу дүйнө. Виртуалдуу дүйнө. Сизге кайсы жакта кызыктуураак?" деген тема талкууланууда.

"Баарыбыз виртуалдуу чөйрөнү байырлап алгансып талашып-тартышып ушул жакта эле жүрөбүз. Анан мындай суроо туулат экен. Сизге кайсы жакта кызыктуураак, реалдуудабы же виртуалдабы?" деп автордун салган суроосуна түрдүү пикирлер айтылды:

"Эки жак тең өзүнүн жашоосу, шарты, эрежелери, жазасы менен кызык. Реалдуу дүйнө - жеке меники олуттуу, салмактуу, "чача-мача" жок. Ар бир адамга сүйлөгөн сөзүңдү электен он жолу өткөрүп анан айтасың. Таштаган ар бир кадамың да көзөмөлдө. Ар бир кыймыл үчүн жооптуусуң. Виртуалдуу дүйнө - эркин майдан. Мен үчүн реалдуу дүйнөдө чогулган бууну бул жерге келип алып чыгаруу. Оюңа келгенин оттойсуң, мурдуңа келгенин жыттайсың, туш келген адамыңды сөгөсүң. Абийириңди айрандай төгүп жатсаң да баарынын сени менен кыпындай иши жок, анткени ал көпчүлүктүн 99 пайызы сендей ой жүгүрткөндөр. Жоопкерчилик жок. Ушундай тажап баратсаң, бул дүйнөнү чанып чыгып кетсең да болот".

"Реалдууда мага кызыктуу болсо, виртуалдуу да кызыктуу болот. Реалдууда кызыксыз болсо, виртуалдууда мага бир грамм да кызыгы болбойт. Реалдуу - менин жашоом. Ал эми виртуалдуу - жашоомдун бир бөлүгү".

"Реалдуу дүйнөдө кээ бир жерден ойлорум ичимде калып калса же ойлонууга жетишпей туура эмес сүйлөп алсам, виртуалдуу дүйнөдө баарын салмактап, шашпай ойлонуп жазууга убакыт бар. Бул жакта адамдын ички дүйнөсүн, көз карашын, дүйнө таанымын жана ой-пикирин толугураак, жеткиликтүүрөөк чагылдырууга мүмкүнчүлүк бар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Komuz97
2016-04-08 15:36:51
real
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан