Патрулдук милиция бир күндүн ичинде Чүй облусунун аймагынан 136 унаага айып салды

Патрулдук милиция кызматы 24 сааттын ичинде Чүй облусунун аймагынан 136 унаага административдик айып салганын SUPER.KG'ге 8-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Анын 116сы жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн токтотулган. Ал эми 4 айдоочу унааны мас абалда айдап бара жатканда кармалган. Жалпысынан унаалардын 28и айып жайына токтотулган.

Айта кетсек, коомдук коопсуздукка көз салып, тартипти сактоого милдеттендирилген патрулдук милиция 1-апрелде Бишкекте, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда өз иштерин баштаган. Жол кыймылындагы эрежени сактоону көзөмөлдөө үчүн Бишкек шаары боюнча 800 милиция кызматкери, Чүй облусу боюнча 400 милиция кызматкери жана Ысык-Көл облусу боюнча 160тан ашык кызматкер тартылган. Патрулдук милиция 1-июлдан тарта бүтүндөй республика боюнча иштеп баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
malika79
2016-04-08 14:25:48
оииииии
0
zevs
2016-04-08 14:45:04
мурун еки адамга акча толочу елек еми уч адамга акча беретурган болуптурбузда 800 жуз сом берип Аран кутулдум
+1
kuba.kq8705
2016-04-08 15:03:41
zevs,800 сом толосон мындан кийин эреже бузбай журосун
+7
aiba_00
2016-04-08 14:55:15
Маршруткалар эми кандай кылышат мурда бири бирине телефон чалып турушчу эле бул жерде ГАИ тигил жерде ГАИ турат деп, эми вчтречныйга чыккан маршруткалар кандай иштешеер экен.
+1
zamir-bek
2016-04-08 15:47:49
Бул эми кыйраткан деле жанылык эмес. Чуй облусу боюнча канча патруль иштейт болдукен.Честный ГАИшник болсо бир эле патруль мындан да коп протокол тузсо болмок. А биздикилер жанталашып эле чонтогун толтурушат.
+4
Ханбийке
2016-04-08 16:46:04
Ушул жол менен коррупцияга богот койобуз дешти эле. Алып эле атышат бугун бизден 500 сом талап кылды, 300 берип кутулдук. Албетте бизден да айып кетип калды но это было случайно кичине адашып жол таппай журдук эле, каяка буруларыбызды билбей.
+1
bond0202
2016-04-09 20:09:28
формачандарды дагы багат экенбиз да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан