SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уйку жана психология. Уйкуңуз кандыбы?" деген тема талкууга алынды. Темада автор адамдын уйкусу да анын психологиясына жараша болорун айтып, кимдин кандай жатып уктаарын сурап, аларга психологиялык анализ жасап көргөн:
"Эгер адам көмкөрөсүнөн жатса, демек, аны көңүлсүздүктөр, ичиндеги ыңгайсыз абалдар кыйнап жаткан болот. Башын жуурканга катып жатса, көңүлү чөккөндөр".
Автор колдонуучулардын биринин: "Жылдызча формасында жатып уктайм. Жүзүм да жерди карабайт. Менчи?"- деп узаткан суроосуна: "Демек, эркин, өз максатына жетүүгө күрөшө турган адамдардын катарындасыз",- деп жооп берген.
Дагы бир колдонуучу: "Мен сол жамбашым менен жатам. Мүнөздөмө туура келген жок. Угушумча, жылдыз болуп жаткандар жашоосуна нааразы болгондор",- деп пикир калтырган.
Автор: "Сол жамбашы менен жаткандар - чыгармачылыкка жакын адамдар",- деп жооп берген.
"Түйүлүп жатса, жалгыздыктан кыйналып, өзүнө таяныч издеген адам".
"Ал эми жаздыкты кучактап жаткандар - сүйүү, махабатка муктаж болгондор".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.