Бишкекте жаш таланттардын "Талантым сага, Кыргызстан!" ыр сынагынын тандоо туру өтүп жатат

Быйыл Тарых жана маданият жылына карата Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Талантым сага, Кыргызстан!" деген аталыштагы сынактын гала-концерти уюштурулат. Учурда райондор арасында бул сынактын тандап алуу баскычы болуп жатат.

Мэриядан кабарлашкандай, тандоо турунда репертуардагы ыр, аткаруучунун үнү, ырды аткаруу маданияты, жаш ырчылардын өзүлөрүн алып жүрүүсү жана башка критерийлер каралат.

Бүгүн, 8-апрелде Ленин району боюнча тандоо туру өтүп, ага 40тан ашык мектептин таланттуу окуучулары катышты. Тандоо туру 8-12-апрель аралыгында Свердлов, Биринчи Май жана Октябрь райондору боюнча жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан