СУПЕРСТАН: "Бала кезде кийин өсүп чыгат деп бут кийимибизди жерге көмгөнбүз..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балалык күндөрдөн бир элес" деген тема талкууланууда.

Балалык - кайталангыс көз ирмемдерди, эң бир тазалыкты, аруулукту кучагына алган кез. Ал күндөр форумчулардын көзү менен:

"Канча жашта экеним эсимде жок. Короодо чоң атамдын Москвичи турган. Кеч кирип калган убакта машинага чыгып, ары-бери рулду бурамыш болуп отургам. Бир малда мээме машинаны жүргүзүү тууралуу ой келди. Эки жакты карасам эч ким жок. Эңкейип туруп рулдун астындагы зымды зымга тийгиздим, көргөм да. Машина от алып кетти эле, жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Ары жактан чоң энемдин "Коку-уй!" деген үнү чыкты. Рулду бекем кармаган боюнча жүрүп кетпесин деп коркуп отурсам, күзгүдөн чоң атамдын шашып келе жатканы көрүндү эле, атып чыктым да качып кеттим".

"Бала кезде бир жолу чогуу ойногон кыз "бут кийим эксе болот экен" деп айтып калды. Мен ишенип алып, экөөбүз бут кийимдин бир жерлерин кыркып алып жерге көмгөнбүз. Кыялданып да алганбыз, "кө-өп бут кийим өсүп чыкса сатабыз, байыйбыз" деп. Күндө карайм, чыкпайт... Акыры үмүт үздүм окшойт".

"Чоң атамдыкына каникулга барып калдык, эшигинин алдында жүзүм бар. Чоң атам аны карап алдында тапчанда жатчу. Жүзүм жакшы быша элек болчу, жүзүм жегибиз келген сиңдим экөөбүз түндө жакшы быша элек жүзүмдү уурдап жеп алып, бир жума ичибиз ооруп жүрдү".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Palan4a
2016-04-09 10:40:03
Жыргал темаго))))) мээн эс ала турган)))))
0
aikokul14
2016-04-09 10:45:28
Эээх балалык,балалык,бир коз ирмемге болсо дагы барып келсем кана сага,тамеки эгип,чабабыз анан арыктын боюна куураган отундарды чогултуп чок тушуруп картошканы комуп бышырып жеген кундор кандай сонун,ушунчалык даамдууу эч бир ресторандын тамагы тен келбейт.
+3
mawa.32
2016-04-09 11:28:56
ммм менин билдируум чыгып калыптыр го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан