SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Төшөктө алсыз эркектер кызганчаак болушабы?" деген тема талкууланууда.
Дос кызынын окуясын айткан автор темага "Аялын кандыра албаган эркектер кызганчаак болушабы?" деп суроо салган.
Буга жазылган жооптор төмөндө:
"Алсыздык менен кызганычтын байланышы болсо болгондур, а бирок алсыз эмес эркектердин деле ашкере кызганчаактары бар".
"Турмушта ар кандай. Кызганчаактык табиятынан. Алсыздык менен кызганычтын байланышы жок".
"Тескерисинче, төшөктө күчтүү эркектер кызганчаак болуп жүрбөсүн? Мисалы, аялын темпераменттүүлүккө көндүргөн эркекке жаман ой кетиши мүмкүн да".
"Дүйнөдө ургаачысын кызганбаган жалгыз жандык - чочко. Эшек деле кызганат. А биз адам эмеспизби. Ал алсыз же күчтүүлүгүнөн кызганат деп ойлосоңор жаңыласыңар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.