SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өз үнүң өзүңө жагабы?" деген тема кызуу талкууланууда.
Автор темада мындай суроо салган: "Диктофондон же тартылган видеодон өз үнүмдү укканымда үнүмдү тааныбай кетем. Силер өз үнүңөрдү биринчи укканда кандай абалда болдуңар эле?"
Темага жазылган пикирлерден:
"Сырттан келген үн түз эле кулак аркылуу мээге барат. Ал эми ички өзүңүздүн үнүңүз ооз көңдөйү, мурун көңдөйү аркылуу, ооздон сыртка чыккан үн кулак келгиче сиз айткан ички үндөр биригип бөлөкчө угулат. Аудио же видеодо сырттан келгендиктен башкача угулат".
"17 жашымда ушунчалык обон созуп ырдаганды жактырып ырдай берчүмүн. Бир күнү ыр жаздырып, ошол ырга обон салып ырдап диктофонго жаздырдым. Анан угуп алып үнүм ушундай начарбы деп маанайым чөккөн. Азыр үнүм жагат, кээде кыңылдап ырдап калам".
"Мен да өз үнүмдү уксам, кээде өлүп бараткан адам сүйлөгөндөй угулат. Тамагымда бир нерсе кысып тургандай боло берет. Кыскасы, үнүм тунук чыкпайт".
"Жагат. Үнүмдү көбү жактырат. "Ди-джей болсоңчу" деп сунуштагандар да көп".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.