Шашылыш билдирүү! 9-10-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, үшүк жүрүшү күтүлүүдө

9-10-апрелде Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан жаайт. Түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар күрткүсү жаралып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринин айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган, гүлдөгөн жана түйүлгөн данектүү мөмө бактарына коркунуч алып келет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bekos2012
2016-04-09 10:58:02
жаан жаан жаайт
-5
Ainurhi
2016-04-09 11:15:22
Погода жудотуп жиберди..
0
rima93
2016-04-09 12:36:04
Качан кун ачылат болду экен?
0
djigit90
2016-04-09 12:48:21
баары Аллахтын колунда, кааласа кышты саратанга, саратанды кышка айлантат. Пенденин колунан эч нерсе келбейт.
+3
Labadax
2016-04-09 13:04:00
Баары Аллахтын буйруганындай болот,ар кандай погода болсо да тооба кылып жашоо керек.Таш жааса да шугурчулук кылыш керек.
+3
Nasi1981
2016-04-09 14:24:59
Кудай сакта. Бечара гулдогон момо жемиштерге жаман эле болот. Пейилибизденби же башка себеппи айтор кышыбыз кышка, жазыбыз жазга окшобой калдыкко.
+3
Jaloshtalnarisbatchui
2016-04-10 15:37:10
ушук момолорду эмес бузукулар менен дилин тилин саткандарды урсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан