Ошто 1500 адамдын катышуусунда массалык марафон орун алды (фоторепортаж)

Ош шаарында бүгүн, 9-апрель күнү Тарых жана маданият жылына карата спорттук иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардагы, облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, 45-60 жаштан жогорку курактагы эркектер жана аялдар, саламаттыкты сактоо, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, окуучулар катышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр З.Аскаров Ош шаардык мэриясы ар кандай максаттагы спорттук иш-чараларды колдоого даяр экенин билдирип, шаар тургундарын жана жаштарды спорт менен машыгууга чакырып өттү.

“Мен сергек жашоону тандайм” деген ураан менен өткөн спорттук иш-чаранын катышуучулары 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер берилди.

“Иш-чаранын негизги максаты спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет”,- деди шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы К.Саркарбаев.

Иш-чарага жалпысынан 1500дөн ашуун адам катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aikokul14
2016-04-09 13:40:58
Алгалай бер,Ош шаарым!
+8
sagyn01
2016-04-09 13:50:47
Эгер ушунча адам митинге чыкканда 200 дой адам чогулуп кайра таркап кетти дешет эле
+21
aikokul14
2016-04-09 14:18:52
sagyn01,туура айтасыз мэрдин шайлоосу болгондо эл батпай паркка чейин толуп кетсе 5000 ,6000 деп коюшканго.азыр деле ошол кунду эстесем ичим бир башкача болуп кетет.
+8
Lintel
2016-04-09 15:07:36
Чуркаганы 150тей болуш керек коруп келгени 200го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан