Ош. Дин кызматкерлеринин арасында волейбол жана футбол боюнча мелдеш өтүп жатат

Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарында Тарых жана маданият жылына карата дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын арасында волейбол жана футбол боюнча “Спорт - тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облусунун казыятынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде Мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов мусулмандар бардык тармакта жарандарга үлгү катары исламдын жүзү болушу керектигин белгиледи жана спортко исламда чоң маани берилгендигин аят, хадистер менен түшүндүрдү.

Спорттук мелдешке Ош облусунун 7 районунун дин кызматкерлери, диний окуу жайлардын мугалимдери менен студенттери, “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун кызматкерлери, ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары менен “Ыйман” лицейинин окуучулары катышууда. Мелдешке жалпы 30дан ашуун команда катышып, дин кызматкерлеринин арасында өзүнчө, ал эми диний окуу жайлар арасында өзүнчө жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Спорттук мелдештин негизги максаты дин кызматкерлеринин спортко болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу сергек жашоого үндөө жана ар түрдүү терс агымдардын алдын алууга үндөө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rasul_Rahmanaliev
2016-04-09 17:00:32
жагымдуу кабар!Молдокелер үлгү.Спорт бул ден-соолуктун элчиси!
+9
Nurbubu.kg
2016-04-09 18:07:02
499
0
Nurbubu.kg
2016-04-09 18:07:26
Мааааша Аллаах 485
0
Shekeev969798
2016-04-09 18:11:37
Биринчи жолу угуп атам
0
nursultan67
2016-04-09 18:20:15
Shekeev969798,бишкекте муфтията футбол болуп турат бир жолу жездеме кошулуп барганлем жакшы ойношоткен
0
Shekeev969798
2016-04-09 18:12:32
Мамлекет молдокелерге айлык чыгарып койсо болмок
0
Begim_4
2016-04-09 20:41:11
Shekeev969798, Айлык чыгып баштаганго...
0
Jaloshtalnarisbatchui
2016-04-10 19:35:54
Акылдуу комментаристтер жокко бул жакта...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан