Ысык-Көл районунда Балыкчы - Корумду унаа жолунун курулушунда иштеген жумушчулар айлык төлөнбөгөндүктөн жумушка чыкпай коюшту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жумушчулардын бири кабарлады.
Маалым болгондой, жумушчулардын көбү январь айынан бери айлык акы төлөнбөгөндүктөн, 2 апта мурун эле жумушка чыкпай калышкан. Бул жолу дээрлик бардык жумушчулар иш таштап жатышат. Айлык тууралуу күн сайын эле сөз болуп жатат, бирок сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек.