Бүгүн, 10-апрелде "Ислам - тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу сынагына республика боюнча 9 миң адам катышты. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сынакка Бишкек шаары боюнча 4 миң адам, ал эми республика боюнча 9 миңдей жаран катышты. Китеп окуу сынагы КРнын Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу иштеринин алкагында өттү. Ал республиканын бардык аймактарында өткөрүлүп, байге фонду 400 миң сомду түздү (ошондой эле умрага 3 жолдомо каралган).
Сынактын жыйынтыгы 20-апрелде чыгарылат.