Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейин Будённый, Салиева, Фрунзе, Ахунбаев, Токтоналиев, Таш-Көмүр, Древесная; Элебесов, Коллективная көчөлөрүндө, Политехнический, Ботанический, Горный, Аульный тар көчөлөрүндө; Жогорку Төкөлдөш, Дордой (№2256-көмөк чордону тарап) конушунда; 11-кичи районундагы 1-6, 7 А, 10/1 көп кабаттуу үйлөрдө №867, 498, 244, 526, 3363 көмөк чордонунан тараган 0,4 кВт зымдары демонтаждалат. №3202-көмөк чордонунан тараган 0,4 кВт аба электр чубалгылары жана №291, 777, 2915, 2256, 749-көмөк чордондору оңдолот. “Энергострой” көмөк чордонунда профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 18:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар (Фрунзе, Садовая, Пушкин, Кондучалова көчөлөрүндө), Лебединовка (Северная, Горький, Весёлая, Комсомольская, Октябрьская, Советская, Набережная көчөлөрүндө, Победа чоң көчөсүндө) айылында, Москва районуна караштуу Александровка (Масанчин көчөсүнө чейинки чыгыш бөлүгү, төмөнкү Чоң Чүй канал тарабы) айылында, Ысык-Ата районуна караштуу Кант (Жакыпов, Чкалов, Ванахун, Октябрьская, Панфилов, Пушкин көчөлөрүндө) шаарында, “Кара-Жыгач”, “Нур”, “Александровка”, “Чоң Чүй каналы” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларынын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.