SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мырзаларга пайдалуу тамактар" деген тема талкууланып жатат.
Темада төмөндөгүдөй ойлор айтылууда:
"Эркектер спирт ичимдиктерин аз колдонуп, тамеки чекпей, спорт менен жакшы достошуп, каймакты күнүнө бир маал 200 граммдан жеп туруусу керек".
"Жумуртканы чийки ичип, кинза жесеңиз кубатыңыз ашып-ташат. Мен бир кезде базарда көк чөп сатчумун. Орус, уйгур аялдар көбүнчө кинза сатып алышып, кулагыма "эркектер ушуну жесе күчтүү болот" деп шыбырап кетишчү".
"Эртең менен сабиздин ширесин ичкен да пайдалуу".
"Балга жаңгак, жер жаңгак, мейиз кошуп күнүгө эртең менен бир чоң кашык менен жеп турса абдан пайдалуу. Мен 3 жылдан бери жейм. Салмакты бир нормада кармайт".
"Менин угушумча, тамак рационуна укроп, кинза, петрушка, сельдерей өңдүү көктөрдү көп пайдалануу эң жакшы натыйжа берет. Көк чөптөрдү жашынан пайдаланып жүргөн аялдарда жыныстык илдеттер аз болсо, ал эми эркектер кубаттуу болот экен. Буга бир чети кавказдык тамак-аштар да мисал болчудай. Алардын ашканасынын жарымын эт ээлесе, жарымын көк чөптөр түзөт эмеспи".
"Эркек балдар сүттөн жасалган азыктарды канчалык көп колдонсо, келечекте эгиз балалуу болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот деп уккам. Тастыкталбаган маалымат, бирок көп деле зыяны жок".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.