Кыргыз жеринде эмгек инспекторлорунун саны талап кылынган сандан 5 эсеге аз

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев кыргыз жеринде эмгек инспекторлору талап кылынган сандан беш эсеге аз экенин билдирди. Бул тууралуу Москвада Чыгыш Европа жана Борбор Азия МОТ бюросунун Эмгек, коопсуздук жана гигиена боюнча инспекциясынын башкы адиси Валентин Мокан менен жолугушуу учурунда айтылды.

"Эл аралык нормага ылайык, бир мамлекеттик эмгек инспекторуна 15 миң жаран туура келет. Бул ар бир беш жылда уюм ичинде иш-чаралардын өтүшүнө шарт түзөт. Биздин эсеп боюнча эмгек инспекторлорунун саны 125 кишини түзөт, а иш жүзүндө болгону 27. Бул белгиленген сандан алда канча көптүк кылат",- дейт министр.

Жолугушууда министр жаңы программанын артыкчылыктарын жана иш жүзүнө ашырууда МОТ серепчилеринин колдоосун белгиледи. МОТ өкүлдөрү жаңы документтерге эмгек коопсуздугун камсыздоону жана бизнести мамлекеттик текшерүүлөрдөн коргоонун жолдорун иштеп чыгууну ортого салышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан