Муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган топ ажылык сапарга аттанган мекендештерибизге жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүлүүсүн камсыздоо максатында Сауд Арабиясында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, муфтий баштаган топ ажыларды автобустар менен камсыз кылуучу "Рабита Макка" ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда кыргыз жеринен барган ажыларды Мекке-Медина каттамы жана ажыларды мекенине узатуу боюнча ажылык учурунда 2015-жылдагы чыгарылган акыркы үлгүдөгү автобустар менен ташуу боюнча келишим түзүлүп, эки тараптуу кол коюлду.