Сауд Арабияга кыргыз жеринен ажылыкка баргандарга мейманканадан 2385 орун каралды

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана Дин башкармалыгынын ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Хамидулла Садиллаев баштаган делегация Сауд Арабия Падышачылыгынын Түркстан жана Орто Азия вакф комиссиясынын мүдүрү Абдурахим Балту жана вакфтын мүчөлөрү менен жолугушту.

Муфтияттан кабарлашкандай, эки тараптуу жолугушуунун алкагында муфтий Максатбек ажы Токтомушев 2015-жылы кыргыз жеринен барган ажыларга Түркстан жана Орто Азия вакф комиссиясынын көрсөткөн мыкты кызматы үчүн ыраазычылыгын билдирип, мактоо баракчаларын тапшырды. Муну менен катар жолугушуу учурунда 2016-жылдагы ажылардын жатак маселеси, мейманканалар боюнча пикир алышышты. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Түркстан жана Орто Азия вакф комиссиясы быйыл кыргыз жеринен барган ажылар үчүн 2385 орундуу мейманкананы камсыз кылып беришери белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orozbai98
2016-04-11 14:25:52
Алла ыраазы болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан