SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, жашаш үчүн сүйүүбү, секспи же акчабы?" деген тема талкууланып жатат.
Темада автор: "Кыздарды азыркы учурда эмне бактылуу кыла алат, акчабы, секспи же сүйүүбү?"- деп суроо салган. Колдонуучулар буга мындай пикир калтырышкан:
"Мен үчүн сүйүү. Сүйүү адамды бактылуу кыла алат, сүйүү болбосо секстин рахаты кайда? Сүйүүсү бекем абышка-кемпирлер деле секссиз жашап жатышпайбы".
"Сүйүү дейсиң, макул, сүй. Бирок ошол сүйгөн адамың акча таппай же иштеген иши жок болсо, сени элдин аялдарындай ичирип-кийинте албаса, анда эмне кыласың? Бир гана сүйүү менен жашап кетиш азыркы заманда абдан кыйын. Баары келип акчага такалат".
"Үчөө тең маанилүү. Ачка отурсаң кайдагы сүйүү, анан кайдагы секс? Бирок биринчи орунда, албетте, сүйүү. Анткени акчаң болуп туруп, сүйүү жок болсо, кайдагы бакыт? Байлыкты экөөлөп чогултса болот, сексти экөөлөп жакшыртса болот, ал эми сүйүү Кудайдан".
"Кыз сүйсүн, бала дагы сүйсүн дейли. Бала аябай көп акча тапсын, кызды башына көтөрсүн. Тиги жагы алсыз, импотент болсо, акча менен сүйүүнүн эмне кереги бар? Көп эле үй-бүлөлөрдүн эри төшөктө алсыз болгонунан ажырашканын угуп калам".
"Акчага тамак сатып аласың, бирок табиятты сатып ала албайсың. Акчага секс кылсаң болот, бирок акчага секстин рахатын сатып ала албайсың".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.