Кытайда эгиз жубайлар бири-бирин ажырата албай жатышкандыктан, пластикалык операция жасатышат (фото)

Кытайдын Шаньси аймагындагы эгиз жубайлар бири-бирин ажырата билгенге оӊой болуу үчүн пластикалык операция жасатышат. Юнь Фэй жана Юнь Ян аттуу эже-сиӊди эгиздер февраль айында коӊшу айылдагы Чжао Синь, Чжао Сюань аттуу эгиз жигиттерге турмушка чыгышкан. Бирок төртөө теӊ кимиси менен никеде турарын кээде ажырата албай жатышкандыктан, сырткы көрүнүштөрүн өзгөртүүнү чечишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эгиз жигиттердин биринин айтымында, бир күнү ал сейилдөөгө чыккан. Бирок адашып, агасынын аялын ээрчитип алган. Ошондой эле төртөөнү бири-биринен достору, жакындары да ажырата алышпайт. Маалыматтарга караганда, жакында Шанхай ооруканаларынын биринде түгөйлөрдүн мурдуна жана маӊдайына жеӊил өзгөртүү киргизүү үчүн пластикалык операция жасалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
nuraiakmatova
2016-04-11 20:52:13
Зарыл экенда...
0
make2
2016-04-11 20:53:17
өтө деле окшош эмес экен
0
raiana53
2016-04-11 20:57:50
оздорун реклама кылыш керек да элге таанылып,элдер неге гана барбайт
+1
munara.11.
2016-04-11 20:58:33
"ТУМАР КР"деги Азамат мн Саламатчалык окшош эмес экен.
+1
Bazana
2016-04-11 21:11:59
Шулда проблема болсо тоа
+1
nuti98
2016-04-11 21:52:01
Оздорунун данныйынан билсе болот да,Кудайым берген тил бар го сурашып
+2
Kanzada97
2016-04-11 22:04:54
Эгиз кыздарда айырма бар экен кичине
+2
Pandora
2016-04-12 01:45:36
Kanzada97,бироосунун бети чон,бироосунуку кичинекей экен.
+1
Isken.der
2016-04-11 22:32:49
Кытайларды мактап койсо, ушинтип башы иштерин көрсөтүп коётта)
+2
KYRGYZJERI
2016-04-11 22:47:39
Кытайда ушундай корунуштор пластикалык операция учун чон реклама дейт
Мындан 2 жыл мурун чыккан аялчы супсулуу болуп, балдары окшошпой кайдан чыккан деп куйосу тан калып сотко берип, ал да чон реклама болчу дейт
0
shankol88
2016-04-11 23:05:42
хаха го арымаласа болот.жонгана реклма
0
saytash11
2016-04-11 23:08:55
Өздөрү каалашыптыр демек, туура кылышат. Ага баш катыруу эмне. Айтайын дегеним:айырмалай алышпай кыйналышыптыр, бири-бирин. Макул чач жасалгасын деле өзгөртпөсүн. Айланайын аты-жөнү бар экен го, ошол айырмалап алуунун жолу.
+1
ASMAN2016
2016-04-12 00:52:55
Идея кимисинен чыкты экен эркектенби, же аялданбы,бироосунон жалоб болгондойго,же реклама
0
begai93
2016-04-12 01:58:30
Тобаа... Кудайым берген тил барго акыры! Суйлошуп сураштырып алса болбойбу эмне? Тили чыга элек алдей корушконго оздорун )) агасынын аялына да баарыбирго жур десе кете берип...
+3
aiba_00
2016-04-12 08:57:30
Операциянын деле зыянчылыгы бар да ден соолука андан коро чачтарын кестирип же боетуп эле салышпайбы, ушуну да проблема кылбай.
0
Sezim.A
2016-04-12 11:54:59
Эгиздер эгиздерге турмушка чыкканы зор го,Жараткандын керемети.Оздоруно ушул иш макул болсо кыла беришсин.Арким озу билет да эми эмне кылышты,ойлогон ишинер ийгиликтуу аяктасын ылайым!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан