Жыйынтыгында нике аялдарга да, эркектерге да оӊ таасир берери, рак менен күрөшүүдө түгөйлөрдүн жынысынан, расасынан жана кайсы этникалык топко таандык экенинен да өзгөрөрү айтылат. Бойдок жигиттердин оорудан каза болуусу үй-бүлөлүү эркектерге караганда 24 пайызга жогору болсо, күйөөгө чыга элек бейтаптардыкы никеде турган аялдарга караганда 17 пайызга жогору болгон. Окумуштуу Мария Елена Мартинес "экономикага эмес, социалдык колдоого тиешелүү факторлор менен иш алып бардык деп ойлойбуз" дейт.
Эми окумуштуулар никедеги жашоонун пайдалуулугун изилдеп чыгуулары керек болот. "Мүмкүн, бул түгөйлөр ортосундагы социалдык колдоодур. Мисалы, бири-бирине депрессияны жеӊүүгө жардам берет, оорунун алгачкы белгилери башталганда дарыгерге көрүнүүгө көндүрөт же керектүү дарыларды убагында ичүүнү эскертип турат",- дейт Мария Елена Мартинес.