Бишкектин Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калганда жол кыймылын жөнгө салган Талант Турдубаев жана Эрлан Боогачиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 12-апрелдеги жыйынында сыйланышты.
Бул демилгени көтөргөн депутат Махабат Мавлянованын айтымында, жол кыймылын жөнгө салган балдардын жасаган иши башка жаштар үчүн үлгү боло алат жана патриоттук сезимдерди ойготууга түрткү болот. "Бир жолу "Манас" аэропортуна бара жатканымда көчөлөрдүн кесилишинде унаа тыгыны пайда болгон. 5 айдоочу чыгып, жөнгө сала алышкан жок. Ал эми ушул эки азамат жигитибиз 1,5 саат жамгырда жол кыймылын жөнгө салышты",- деп мактады Мавлянова.
Андан соң депутаттар аталган жигиттерге калпактарды кийгизип, белектерди беришти.
Эскерте кетсек, Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаралган. Бул учурда жол кыймылын жөнөкөй жарандар жөнгө салышып, жолдун ортосунда МАИ кызматкеринин милдетин аткарышкан. Бул окуяны көрүп, бирок кетип калган патрулдук милициянын 3 кызматкери жумуштан бошотулган.