СУПЕРСТАН: "Жасалма сүйлөп, жасалма күлүү - мен үчүн өлүм"

"Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?" демекчи, адам өзүнүн мүнөзүн өзү таразалай билсе жакшы. Бирок "менин мүнөзүм ушундай" деп текеберленип, эгоизмге моюн сунгандар да жок эмес. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүңө кайсы мүнөзүң жакпайт?" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин өзүмдүкүн бербеген, далилдегим келе берген жана бетке айткан мүнөзүм бар. Бул мүнөз менен элдин баарына жаман көрүнөсүң".

"Өчөшүп калуу, өч алуу деген мүнөзүм бар да. Бул мүнөзүмдү өзүмө жакпайт деп айта албайм".

"Досторумдун айтуусунда өзүмчүлмүн".

"Мүнөзүм өтө оор, түшүнүксүз, кээде эле жаркылдап калам, кээде себепсиз кабагымдан каар жаап калат".

"Шашкалактыгым жакпайт. Сабырсызмын".

"Мен сүйлөгөндө буйрук тон менен сүйлөйм же милдет кылгансып, өзүмө билинбейт, оңдой да албайм, эжемден көп уруш угам. Жасалма сүйлөп, жасалма күлүү - мен үчүн өлүм. Кандай адамдар жумшак, сылык болуп, аз сүйлөйт экен?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
radyakiz
2016-04-12 12:50:58
Жасалма кулуу мен учун да аябай кыйын.жакпаган адамга такыр кулуп жайнап кууланып суйлой албайм.эжем уруша берет калп эле кклумущ болуп минтип айт тигинтип айт деп мен болсо анте албайм
0
radyakiz
2016-04-12 12:57:38
radyakiz,менден кичуу бир келин бар да уч баланын апасы болуп калды,аябай жаркылдап калп кулуп баарын жайлайт
+1
MAN-CITY
2016-04-12 16:15:40
radyakiz.Бироонун артынан ушак кылган болбойт, ал сиз айткандай адам болсода, андан коро бетине эле айтып койунуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан