Бишкек шаарында 2016-жылдын үч айында бактериялуу менингит оорусу төрт эсеге азайган. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, акыркы үч айда паратиф (кара келте), "Д" вирустук гепатити, дифтерия (кептөөр), кызылча, кызамык, темгилдүү келте, Брилль оорусу, безгек, полиомиелит, кутурма, сибирь жарасы, лептоспироз жана тениоз оорулары катталган эмес. Бирок кээ бир оорулар азайганы менен, башка жугуштуу оорулар көбөйгөн. Мисалы, курч кармаган жугуштуу ичеги оорулары 48,4 пайызга, "А" вирустук гепатити 36, суу чечек 13,2, сифилис 44,4, педикулёз (кадимки биттен жуккан тери оорусу) 37, алгач аныкталган кургак учук оорусу 13,2 болсо, алардын бациллярдык түрү 44,4, ОРВИ (дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары) 13, сасык тумоо 3,4 жана энтеробиоз 2,4 пайызга жогорулаган.
Жүргүзүлгөн профилактикалык, санитардык-гигиеналык иш-чараларга карабай жугуштуу оорулардын өсүүсүнө жеке гигиеналык эрежелерди таза сактабоо, соода аянтчаларында, базарда санитардык эрежелер сакталбай жатканы себеп болгон. Ошондой эле кээ бир калк жашоочу аймактарда таза суу системи сапаттуу суу түтүктөрү менен камсыздалбаганы, таштандыларды убагында чыгарбоо, тез бузулуучу азыктарды сактоо эрежелери сакталбай жаткандыгы да себеп.