ЖЫЛНААМА, 13-АПРЕЛЬ: Мындан 94 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев туулган

1922-жылы 13-апрелде Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев туулган. Кыргыз элинин кыраан уулу Чолпонбай Түлөбердиев Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында жарык дүйнөгө келген. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кеткен.
Чолпонбай Түлөбердиев гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген.

13-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek2070
2016-04-13 08:41:13
20 жашында эмне деген эрдик кылган. Тизе бугуп таазим кылам ушундай журогундо жалы бар акебизге. Чыныгы эр журок баатыр. Чолпонбай Тулобердиевтин эстелигин тургузуу керек жаштар паркына. Асанбай кичи районуна.
0
pit001
2016-04-13 10:11:19
азыр озу тируу болсо бир кылым жашамак, бирок озу жок болсо да аты коп кылымдарды багынтат
0
Neymarf
2016-04-13 21:20:27
Аллахым бейиштен орун берсин мекен учун жанын берген баатырыбызга, мындай ээрдик кылуу баарынын колунан келе бербейт, аты кылымдарга жашай бермекчи! Азыркы чондор таалим-тарбия алсанар болот, баса урматтуу админ:саясат болумун жаап салганынар мага жаккан жок, атка минерлерге оз оюбузду жазалы десек да силер жабык кылып салып атасынар, бул эми канча убакыт созулат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан