Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жер көчкүнүн кесепетинен убактылуу электр энергиясыз калган 31 түтүн үйдүн электр жарыктары калыбына келтирилди. Маалыматка ылайык, кечээ аталган айыл аймагында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн,
13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 11-апрелде түшкөн жер көчкүдөн улам Алчалуу айылына келген 3 электр мамылары зыянга учурап, 31 түтүн үй убактылуу электр энергиясыз калган. Ошондой эле 19 түп теректи жана жайытта жүргөн 5 бодо малды басып калган.